Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын башына карата өлкөдө 18 жашка чейинки балдардын саны 2 млн 715 миңди түздү. Алардын 51,4%ы — эркек балдар.
Былтыркы жылдын (2024-жыл) башына салыштырмалуу төрөлгөн балдардын саны 23 миңге же 0,9%га көбөйгөн.
Жаш курагы боюнча бөлүп караганда:
-
7 жашка чейинки балдар – 39% (1 млн 75 миң)
-
7-14 жаштагы өспүрүмдөр – 46% (1 млн 239 миң)
-
15-17 жаштагылар – 15%ды (402 миң) түзөт.
Балдардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы 63,6%ы айыл жергесинде жашайт.
2024-жылы 140 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен дээрлик 73 миңи эркек балдар жана 67 миңден ашыгы кыздар, башкача айтканда, кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

