"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Кадамжай: 1965-жылы курулган «Кожо-Кайыр» каналы толук жаңыланды

Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, Баткен облусунун Кадамжай районундагы 1965-жылы курулган «Кожо-Кайыр» ирригациялык каналы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Жумаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«Бул каналдын жаңыланган түрдө пайдаланууга берилиши Кадамжай районунун агрардык секторунун суу менен камсыздалышын кыйла жакшыртат. Суу тартыштыгы орун алган айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Нурлан Жумаев.

Белгилей кетсек, «Кожо-Кайыр» каналына Исфайрам-Сай дарыясынан суу келет жана ал 6300 гектардан ашык сугат жерди суу менен камсыздайт.