Касым-Жомарт Токаев май айында 71 жашка толду. Эмгек жолун Тышкы иштер министрлигинен баштап, 1990-2000-жылдары Казакстандын Тышкы иштер министри, премьер-министр болуп иштеген. 2019-жылдын мартында президент болуп, дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин ордуна келген. 2022-жылы ал шайлоочулардын 81,3 пайыз добушуна ээ болуп, кайра шайланган.
Жаңы Конституцияга ылайык, мамлекет башчы кайра шайлануу укугусуз бир жети жылдык мөөнөткө шайланат. Ал «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде бийликтеги мөөнөтүн 2029-жылы аяктай турганын жана “Президент Кудайдын кулу эмес, эл жалдаган башкаруучу экенин” билдирди.
Эгер Токаев 2029-жылы кетсе, Казакстанда көп жылдардан бери биринчи пландуу жана кезектеги бийлик алмашуу болот.

