"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

Чек ара аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Кечээ, 2-июнь күнү, Бишкектеги «Ынтымак Ордо» комплексинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшыруу аземи өттү.

Сыйлыктарды Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тапшырды. Алгач, аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда эрдик жана каармандык көрсөткөн чек ара аскерлерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Мындан тышкары, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө салым кошкон жарандарга Ардак грамоталар берилди. Иш-чарада ар кыл тармактарда ийгиликке жетишкен кесипкөйлөрдүн эмгеги белгиленди.

«Ар бириңиздер өз эмгегиңиздер, эрдигиңиздер жана өлкөгө берилгендигиңиздер менен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар. Биз сиздердин жетишкендиктериңиздер менен сыймыктанабыз, кесипкөйлүк жана жан үрөп эмгектенгеңиздер үчүн ыраазыбыз. Бул сыйлыктар – мамлекет жана эл тарабынан ыраазычылык белгиси», – деди Адылбек Касымалиев.