"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мындан ары кимдерге жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөнөт?

Министрлер Кабинети жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тууралуу токтом кабыл алды.

Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги No132 “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Компенсациянын өлчөмү 1500 сомдон 10 000 сомго чейин болот. Аны Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, башка мамлекеттердеги согуштук операцияларга катышкандар, Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюгандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле 1993–1999-жылдары тажик-ооган чек арасын кайтарган аскер кызматкерлери ала алышат.