"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Ошто 6 өлкө катышкан көргөзмө-жарманке өтүүдө

Ош шаарында Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрда «Салам, Ош – 2025» II эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесинин ачылыш аземи болду.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын жана Туризм департаментинин өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөгө Германия, Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан баштаган бир катар өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын бардык облустарынан туризм тармагындагы уюмдар, мекемелер жана туроператорлор келип,  жайкы туристтик сезонго карата даярдыктарын көрсөтүштү.