"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Курман айт намазы 6-июнда саат 07:30да окулат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, Курман айт намазы 6-июнда жума мечиттерде жана казыят уруксат берген мечиттерде саат 07:30да окулат.

Быйыл Курман айт майрамы 6-июнга туура келип, кыргызстандыктар ишемби жана жекшемби күндөрдү кошкондо үч күн эс алышат.