"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргызстандык спортчулар Дүйнө чемпионатында 3 медалга ээ болушту

Кыргыз Республикасынын кармаш уруш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Бурса шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Алсак, Кундузбек Турсунбеков 73 кг чейинки салмак категориясында 2-орунга чыгып, күмүш медаль тагынды. Ал эми 80 кг салмакта категориясында катышкан Нурсултан Көккөзов менен 85 кг салмакта күч сынашкан Азат Жумабаев коло медаль жеңип алды.

Курама команда башкы машыктыруучу Талас Токоров жана машыктыруучу Аманбек Кыдыралиевдин жетекчилиги алдында өлкөнүн намысын коргоду.