"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Борбор калаада Түрк хору жана “Сопрано” арт тобунун концерти болот

Бүгүн, 4-июнда, саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында Түрк хору жана “Сопрано” арт тобунун катышуусунда “Биримдик ырлары” аттуу акысыз концерт өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.

Иш-чара МинКабдын колдоосу менен уюштурулуп, концерт Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өтөт.

Маданий иш-чара Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү жана Москва өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлүүдө.