"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Айт арапасында жол кире акысын негизсиз көтөрүүгө жол берилбейт

Айт майрамынын алдындагы жарандардын активдүү каттамына байланыштуу, Бишкек шаарынан тышкары аймактарга каттаган маршруттук жана жеке такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, автобекеттерде жүргүнчү ташыган айдоочулар арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Айрыкча айт арапасында шаардан айылдарга кетүүчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн, айрым айдоочулар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жол кире акысын негизсиз жогорулатууга аракет кылышы мүмкүн экени айтылды. Мындан улам жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери мыйзам бузууга жол бербөө максатында автобекеттерде түшүндүрүү жана эскертүү иштерин улантууда.

“Азыркы тапта эч кандай жол кире акысын мыйзамсыз жогорулатуу фактылары катталган жок. Автобекеттер толук көзөмөлдө”, — деп билдирет ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү.