Салынган жолдордун сапатын сактоо жана алардын эрте бузулушунун алдын алуу максатында, 2025-жылдын 19-майынан 1-сентябрына чейин күндүзгү аба ырайы 28° жогору болгон күндөрү жүк ташуучу унаалардын жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдорунда жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти маалымдады.
Чектөө эртең мененки саат 10:00дөн кечки 20:00гө чейин күчүндө болот. Бул максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унааларга тиешелүү.
Ошол эле маалда төмөнкү унаалар үчүн чектөө колдонулбайт:
-
жүргүнчү ташуучу унаалар;
-
гуманитардык жардам жеткирүүчү транспорт каражаттары;
-
тез бузулуучу азык-түлүктү жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар;
-
ири жүктөрдү атайын уруксаттын негизинде ташыган унаалар;
-
жол куруу жана оңдоо иштерине тартылган транспорт каражаттары (расмий ордер менен).
Департаменттин маалыматына караганда, бул чектөөнүн аткарылышы тыкыр көзөмөлгө алынууда.

