Бишкек шаарында жол кырсыгынан кийин жаңжал чыккан учурда айдоочуну тапанча менен коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-май күнү Карл Маркс жана Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, кырсыктын катышуучулары жаңжалдашкан. Ортодогу чыр-чатак учурунда И.Р.Д. аттуу жаран «Grand Power Т 12» маркасындагы, 12 даана 10х28 калибрдеги ок жана 2 магазин менен жабдылган травматикалык тапанчасын колдонууга аракет кылып, башка катышуучуларды көздөй багыттап, коркуткан.
Окуя болгон жерде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан И.Р.Д. кармалган. Анын жанынан өзгөчө жыты бар ак түстөгү майда зат салынган желим баштык табылган.
Андан тышкары, тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүдөн эки даана мылтык, бир даана жарым автоматтык ок атуучу курал жана аларга тиешелүү ок-дарылар алынган.
Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.


