"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Григорьевка айылындагы 6012 тургун таза суу менен камсыз болду

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында «Айылдарды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жаңы суу түтүктөрү ачылды. Натыйжада 1716 кожолукта жашаган 6012 тургун таза суу менен камсыз болду. Ошондой эле, 331 көзөмөлдөөчү кудук жана 1128 суу эсептегич орнотулду.

Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан ишке ашырылды.