Кыргыз акыны Алтынбек Исмаилов эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу акын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында кабарлады.
Маалыматка ылайык, төш белгини ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев тапшырган. Ошондой эле, Алтынбек Исмаилов Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү болду.


