"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Айыл чарба экспорту көбөйдү

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын биринчи беш айында Кыргызстан айыл чарба продукцияларын былтыркыга салыштырмалуу чет өлкөгө көбүрөөк сата баштады.

Мисалы, сүт азыктарынын экспорту 16 462 тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 3 628 тоннага көбөйдү.

Ошондой эле жашылча-жемиштерди сатуу жаатында да өсүш байкалды. Сабиз 15 453 тонна, капуста 23 494 тонна, ал эми ашкабак былтыркыга салыштырмалуу 3 672 тоннага көп сатылды.

Жемиштердин ичинен:

  • алма 9 814 тоннага,

  • алмурут 6 427 тоннага,

  • алча 2 758 тоннага,

  • кулпунай 2 347 тоннага көбүрөөк экспорттолду.