Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү завод курулат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Мезгил кутусун салуу аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, Кытайдын “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” компаниясынын жетекчилиги жана шаар тургундары катышты.
Бул долбоордун алкагында:
-
Курулуштун алгачкы баскычы катары күнүнө 850 тонна таштанды кайра иштетилип, саатына 30 мегаватт электр энергиясын өндүрүүчү станция курулат.
-
Кийинки этаптарда жылуулук энергиясын өндүрүү дагы пландалып, кыш мезгилинде шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу, 300 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу каралган.
-
Долбоордун жалпы наркы — 95 млн АКШ доллары.
Маалымат үчүн: Ош шаарында жыл сайын 200 миң тоннанын тегерегинде таштанды чыгат.


