"Эркин-Тоо"
Экономика

Экономист: Чек ара чечилмейин, Баткенге расмий бизнес ачуу мүмкүн эмес

“Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын чечип алгандан кийин гана, бир топ пайдалуу долбоорлорду ишке ашырса болот”,- дейт экономист жана жеке ишкер Элдар Абакиров «Маралга» берген маегинде.

Анын айтымында, коңшулар менен туура мамиле жүргүзсөк, Лейлек районун Тажикстандын Ходжент, Согди облусу аркылуу бир топ ири иштерди жүргүзсө болот. Ал  үчүн чек араны бекемдеп, коопсуздукту камсыздоо зарыл.

«Жергиликтүүлөр айткандай, жок дегенде ортого зым тартып беришибиз керек. Кыргыз тажикке, тажик кыргызга таарынбагандай кылып, чек араны чечип алгандан кийин анан соода маселесине өтсөк болот. Чек араларга кенен-кенен базарларды ачып, биргелешкен ишканаларды ачсак болот. Бирок чек ара чечилмейинче, коопсуздук маселеси чечилмейинче, ал жерге расмий бизнес ачуу мүмкүн эмес. Пандемияга чейин эки элдин ортосунда алыш-бериш катуу болчу экен. Тажикстан дегени менен чек арага жакын айылдарда көбүнчө өзбектер жашайт. Биз жакта да көп өзбектер жашайт. Ошол факторлорду эске алып, иш жүргүзсөк болот. Бирок биринчи чек араны бекитүү керек. Чек араны бекитип алгандан кийин Лейлек районунун экономикасына пайдалуу долбоорлорду ишке ашырса болот», — дейт экономист Элдар Абакиров.