Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин «Топон» романы италиян тилине которулду. Бул тууралуу Жазуучулар союзунун басма сөз кызматы кабарлады.
Китепти италиялык котормочу Федерико Пасеро которгон. Анын бет ачары ушул жылдын сентябрь айында өтүшү күтүлүүдө.
Буга чейин аталган чыгарма орус, өзбек жана азери тилдерине да которулган.