УКМКнын маалыматына ылайык, Талас шаарынын борборунда жайгашкан, аянты 0,52 гектарды түзгөн Kerben Palace мейманканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү аныктоо иштеринин алкагында, сот Талас шаардык мэриясынын жерди менчикке берүү чечимин жараксыз деп тапкан. Натыйжада мейманкананын өкүлдөрү мыйзам бузууну моюнга алып, имаратты мамлекетке ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришти.

