"Эркин-Тоо"
Статистика

2020-жылы кыргызстандык фармкомпаниялардын өндүрүшү көбөйгөн

2020-жылы кыргызстандык фармкомпаниялар 251 млн 417,1 миң сомдук дары-дармек чыгарышкан. Улуттук статистикалык комитеттин билдиргенине караганда эң көп өндүрүш август айында катталган. Ал эми июль айында өндүрүш ыргагы начар болгон. Ага карайбай 2019-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда дары-дармек жана фармацептикалык каражаттарды өндүрүү 54 пайызга көбөйгөн.