Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 8 жаштагы баланын ашказанынан 10 сомдук тыйынды чыгарышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Аталган иш жакында борборго Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен алынган заманбап SonoScape 550 эндоскоп аппаратынын жардамы менен жүргүзүлдү.
Борбордун эндоскопист-хирургу Кубанычбек Раззаковдун айтымында, ичеги-карын жана дем алуу жолдорунда бөтөн заттын болушу менен кайрылган учурлар көп катталат:
«Бизге жумасына 3-4 бала ушундай учурлар кайрылып турат. Жаңы эндоскоп сыяктуу жогорку тактыктагы жабдыктар жаш бейтаптарга өз убагында жана аз инвазивдүү жардам көрсөтүү үчүн өтө маанилүү», – деди адис.

