Бүгүн, 16-июнда, Бишкектеги Жаш Гвардия бульварынын Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки чыгыш тарабындагы бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Мындан тышкары, Медеров көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү дагы ачылды.
Белгилей кетсек, участоктордо жолдорду капиталдык оңдоонун алкагында жүргүзүлө турган токтоочу комплекстерди, жарыктандырууну, ирригациялык системаны тартипке келтирүү боюнча иштер улантылууда.

