"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Салык жана Бажы кызматтарынын жетекчилери мактоого арзыды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгиленген пландар ашыгы менен аткарылганы үчүн Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевди жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду мактап өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анын айтымында, аталган кызматтардын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн негизинде мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелер өсүп, пландалган көрсөткүчтөрдөн ашкан натыйжаларга жетишилди.

«Экономикалык туруктуулукту камсыз кылууда жана өлкөнүн фискалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө Салык жана Бажы органдарынын ролу өзгөчө мааниге ээ», — деп белгиледи Минкаб төрагасы.

Ал жетекчилердин жоопкерчиликтүүлүгүн жана кесипкөйлүгүн жогору баалап, алардын мындан аркы да ийгиликтүү иш алып барарына ишенимин билдирди.