"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Борбор калаада электр жарыгы өчтү

Бүгүн, 18-июнда, түшкү саат 13:30 чамасында борбор калаада жана Чүй облусунун айрым бөлүгүндө электр жарыгы өчтү.

Жарыктын өчүшү бир катар коомдук жайларда, анын ичинде оорукана, мектеп жана калкты тейлөө борборлорунда да катталды. Мындан сырткары, кээ бир аймактарда суу менен камсыздоо да үзгүлтүккө учурады.

Энергетика министрлиги кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, электр станциясынын көмөк чордонунда авария болгонун маалымдады.