Кыргызстанда автоунаалар үчүн жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) иштеп жатат. Бул система, эң биринчи кезекте, айдоочунун өзүнө пайдалуу болуп, күтүлбөгөн кырсыктарда каржылык коопсуздукту камсыздайт.
Мисалы: «ОСАГО полиси менен айдоочу өз автоунасын, ошондой эле үчүнчү жактардын мүлкүн жана ден соолугун коргой алат.
Тарифтер жана камсыздандыруу суммалары:
Адам өмүрүн алган учур катталса 300,000 сомго чейин.
Жаракат үчүн 100,000 сомго чейин.
Мүлк үчүн 150,000 сомго чейин.
1. «ОСАГО, «Базалык баасы — 1680 сомдон башталат;
2. Төлөмдөр үчүнчү жактын чыгымын жабат;
3. Компенсация — 100,000 сомдон 150,000 сомго чейин.
Бир жылга камсыздандыруунун баасы унаанын көлөмү жана жылына жараша 1680 сомдон башталат.
Эгерде кырсык болуп кетсе, камсыздандырылган учурда:
1. Унаа кырсыгында адам өлүмү менен коштолсо, курмандык башына 300 миң сомдон берилет;
2. Ден-соолук жабыркаса – 200 миң сомго чейин төлөнөт;
3. Ал эми унаанын алган чыгымына карап, 150 миң сомго чейин чыгымдын орду толтурулат.
Мындай милдеттүү камсыздандыруу көптөн бери эле дүйнөнүн өнүккөн бардык мамлекеттеринде колдонулуп келет. Кыргызстандыктар кошуна өлкөлөргө унаасы менен киргенде, чек арадан өтөрү менен камсыздандыруу полисин алып, ошол мамлекеттин мыйзамдарын сыйлап, эрежелерине баш ийишет.
Тилекке каршы, Кыргызстанда камсыздандырууга каршы пикирлер айтылып, айрымдар тескери чакырыктарды кылышат. Бирок бул мыйзам – айдоочуну коргоо, анын күтүлбөгөн чыгымдарын жабуу жана жабыркагандарга тез жардам берүү максатында кабыл алынган.

