"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Балыкчыда кум үстүндөгү күрөш боюнча чемпионат өтөт

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 20-21-июнь күндөрү кум үстүндөгү күрөш боюнча өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында республикалык чемпионат өтөт.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • Эркектер арасында: 70, 80, 90, +90 кг

  • Кыз-келиндер арасында: 60, 70, +70 кг

  • Жаштар арасында (U-20): 60, 70, 80, +80 кг

  • Кыздар арасында (U-20): 50, 60, +60 кг

  • Өспүрүмдөр арасында (U-17): 50, 60, 70, +70 кг

  • Кыздар арасында (U-17): 40, 50, +59 кг

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар менен сыйланышат.