"Эркин-Тоо"
Айыл чарба

Кыргызстанда паракват колдонууга тыюу салынды

Кыргызстанда адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө кооптуу болгон пестицид – паракват дихлоридди колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, мындан ары өлкө аймагында паракват дихлорид затынын негизиндеги пестициддерди (химикат) өндүрүүгө, каттоого, ташууга, сатууга, сактоого, колдонууга жана жарнамалоого болбойт.

Бул чечим элдин ден соолугун коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынды. Аталган заттын рак, балдардын нерв системасынын бузулушу, гормоналдык жана репродуктивдик жабыркоолорго алып келери илимий негизде далилденген.