Каргалар күчтүү интеллектке ээ жана алар адамдардын жүзүн тааный алышат. Бул тууралуу америкалык «Live Science» илимий порталы жазып чыкты.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, каргалар дүйнөнүн дээрлик бардык аймактарында кездешет. Алар ыкчам үйрөнүп, жөнөкөй ыкмалар менен тамак таба алышат. Мисалы, жаңгакты унаалар өткөн жолго таштап, чагылган соң жешет.
Илимпоздордун айтымында, карга адамдардын жүзүн айырмалай алат. Кызыгы, ал жаман мамиле кылган адамды эстеп калат жана ал жөнүндө башка каргаларга маалымат берет. Эгер бир карга өлсө, анын эмнеден өлгөнүн билиш үчүн биртобу тегеректеп алып, кийин башка каргаларга бул тууралуу дагы маалымат беришет. Мындай аракет алардын өз коопсуздугун алдын алгандыгы десек болот.

