"Эркин-Тоо"
Медицина

Дарыгерлердин айлыгы 3 эсе көбөйдү

Өлкөдө медициналык кызматкерлердин айлык маянасы 3 эсе жогорулады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, айлык акы кенже кызматкерлерден баштап тар профильдеги адистерге чейин жогорулатылган. Мындан тышкары былтыркы жылдан (2024-жылдан) тарта жаш адистерге стипендия берүү, дарыгерлердин депозиттерин көбөйтүү сыяктуу кошумча төлөмдөр да киргизилген.