Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы «Шайлоого катышуунун заманбап ыкмалары: теориядан практикага чейин» аттуу Ысык-Көл шайлоо форумдун катышуучуларына кайрылуу менен Президент Садыр Жапаров видео билдирүү жасады.
Мамлекет башчысы форумдун жарандык коом, эл аралык уюмдар жана шайлоо органдары үчүн ачык диалог аянтчасына айланып бара жатканын оң көрүнүш катары белгиледи.
Президент Азербайжан, Армения, Беларус, Индия, Монголия, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркия, Эстония жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Молдова менен Грузиядан келген делегациялардын катышуусун кубануу менен белгиледи. Ошондой эле КМШнын Аткаруучу комитети, Парламенттер аралык ассамблея, ЖККУ жана Түрк мамлекеттер уюму сыяктуу эл аралык түзүмдөрдүн өкүлдөрүн көрүүгө да ыраазы экенин билдирди.
Президент быйыл Кыргызстан ЖККУ менен Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылып жатканын эске салып, бул өлкөнүн аймактык жана эл аралык аренадагы ролунун жогорулап жатканын билдирди.
Садыр Жапаров шайлоо процессине байкоо жүргүзүү миссияларынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, форумдун негизги максаты — жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоодогу алдыңкы ыкмаларды талкуулап, сунуштарды иштеп чыгуу экенин белгиледи.
«Акыркы жылдары Кыргызстанда шайлоо реформасынын алкагында мыйзамдар өркүндөтүлүп, санарип технологиялар кеңири киргизилди. Добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу өңдүү көрүнүштөргө каршы күрөш жүргүзүлдү. Бул аракеттер шайлоонун мыйзам чегинде, ачык жана таза өтүшүнө өбөлгө түздү», — деп билдирди Жапаров.
Мамлекет башчысы эл аралык өнөктөштөр менен болгон кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасы, ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу жана Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясына ыраазычылык билдирди.
«Бүгүнкү форум жаңы идеялардын жана келечекке багытталган конструктивдүү демилгелердин булагы болот деп ишенем», — деп жыйынтыктады өз кайрылуусун Президент.
Эркин-Тоо гезитинин кабарчысы билдиргендей, иш-чарага БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, шайлоо укугу боюнча эксперттер катышууда.