Президент Садыр Жапаров Беларусь Республикасында өтүп жаткан IV Евразиялык экономикалык форумга катышты.
Аталган форумга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин башчылары — Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция аркылуу), Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Президенти Владимир Путин жана ЕЭКтин коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев да катышты. Алар кызматташуунун келечектүү багыттарын жана экономикалардын туруктуулугун чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Форум башталар алдында делегация башчыларын Александр Лукашенко тосуп алды.

