Өлкөнүн бардык аймактарында республикалык бюджеттин эсебинен мектепке чейинки билим берүү мекемелерин куруу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурдагы долбоорлор аймактардагы балдарга билим берүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ар бир облуста пландалган жана жүрүп жаткан курулуш иштеринин так саны:
-
Жалал-Абад облусунда — 34 бала бакча,
-
Ош облусунда — 29,
-
Нарын облусунда — 16,
-
Ысык-Көл облусунда — 15,
-
Бишкек шаары жана Чүй облусунда — 10,
-
Баткен облусунда — 8,
-
Талас облусунда — 8 мектепке чейинки мекеме курулууда.

