Кыргызстанда аялдардын зомбулукка жана басмырлоого кабылган учурлары көбөйүп жаткандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев көтөрүп чыгып, мындай орчундуу маселеге кайдыгер карабоо керектигин баса белгиледи. Эл өкүлү, элибиз эзелтен аялзатына терең урмат менен мамиле кылып келгендигин, айымдар үй-бүлөнүн куту, балдарынын энеси, коомдун руханий тиреги экенине карабай бүгүн аялдардын зомбулукка, басмырлоого кабылган учурлары көп кездешип жаткандыгына кайдыгер экенин билдирди. “Биз буга кайдыгер болбошубуз керек. Мектеп программасына адеп-ахлак, үй-бүлө баалуулуктары, ата-энени урматтоо сыяктуу темаларды киргизип, келечекте аялзатына сый-урмат менен мамиле кылган жаш муунду тарбиялоого өбөлгө түзүшүбүз керек” — деди депутат.
Калыгул Бейшекеев

