Убагында кадрдык системага жалтанбаган өткүрлүгү, калыс баамы менен жаңылык киргизген жетекчилердин өрнөктүү изи башкаларга сабак болоору анык.
Мындай инсандардын катарында адамгерчиликтин бийик үлгүсүн камтыган, ырааттуу ойлорго көбүрөөк басым жасаган, патриоттук сезимге бай Кемел Ашыралиев агай да бар. Андыктан, Кемел агайды кепке тартып, алгач тээ артта калган жетекчилик доору жөнүндө маектештик. Кийинки баарлашууда учурдагы кадрдык саясаттын күнгөй-тескейи тууралуу сүйлөп берүүнү убадалады. Анда кеп башынан болсун…
— Кемел агай, сиз убагында бир топ жыл жетекчилик кызматтарда жүргөнсүз. Өткөн мезгил, “Өз дооруңуз” эсиңиздеби?
— Албетте, калк ишенимин алып, ат жалында жүргөн жылдарым эске түшкөндө, ал кездеги карапайым калктын кең пейилдигин, ак дил менен чымыркана мээнеттенген эмгекчилдигин ойлоп кадимкидей сагынам. Андагы күжүрмөн сугатчынын балбан колдорун, иштерман чабандын адамгерчилигин, анан талыкпаган саанчынын бакубат күлкүсүн эстейм. Таалайлуу күндөргө жол ачкан дал ошондой күжүрмөн замандаштар эсенчиликте жүрөт бекен дейм.
— Ошол кезде сизди кызмат кооздоду беле же…
— Бу бийлик түгөткүр адамдарды өзгөртөт тура. Кай бирлер тууган-туушкандын, тааныш-билиш, жек-жааттын жардамы аркылуу бийик тепкичтерге багыт алат. Колдоочу го бар. Эки колду чөнтөккө салып эч нерсени жактырбагандай мурдун чүйрүп, асманды карап көкөлөп эле калышат. Айланасындагыларга таптакыр тааныбаган түр көрсөтөт. Анан семире баштайт. Жаш колукту алып, ага жанаша баскысы келет. Өзү жөндөмсүз, деңгээли төмөн. Муну эгерим капарына да албайт. Каалаганын калчайт. Ошентип, бузулат…
Негизинен уюткулуу калкыбыз эр жигиттин колуна байлык, бийлик берип, сыноодон өткөрүп келген. Кызматка келерден мурда жакшы ат менен кетерин ойлогон адам, анык азамат болот. Деги эле бийликте туруктуулук болгон эмес. Анын табияты сымап өңдүү колго токтобой, кылкылдап турат. Ким бар дейсиң, өмүр бою кызматка түркүк болгон? Көргөн жокпуз го. Туура, мен далай баскычтарда турдум. Бирок өзүмдөн өйдө турган чиновниктин колуна суу куйбадым. Ишимден ажырап калам деп күйпөлөктөп, кошоматтын түркүн-түстүү варианттарын колдонгон да жокмун. Милдетимди так аткардым. Менде коркуп же чоочулаган аргасыз абал болгон эмес. Эр жигитти кызмат эмес, кызматты эр жигит кооздош керектигин жакшы түшүндүм.
— “Дос-тамыр аркылуу бийик баскычтарга чыгышат” деп калдыңыз. Сизди да жөлөп-таягандар болгондур?
— Ал убакта саясий система ырааттуу болгон. Кадр маселесинде алгач жөндөм, билим каралган. 22 жашымдан тарта жетекчи кызматка келдим. Ийгилик кулпусун бир гана өзүмдүн күч-аракетим менен ача алдым десем жаңылышпайм.
— Кенен заманда бир топ жыл жетекчилик кызматта жүргөн Ашыралиевдин байлыгына кызыккандар да жок эмес. Байсызбы?
— Туура. Мен олигарх болмокмун. Бардыгы колумда турду. Кайсы жерден эмнени алышты менден кыйын билгени жок эле. Нарында губернатор болуп турганымда үч жарым миллион кой бар болчу. Ошол маалда күндө А.Акаев кызматтык телефонго “Колхоз, совхоздогу койлордун баарын сиз эле кармап, малды таратпай жатасыз” деп чала берчү. Эгер ошондо мен өз кызыкчылыгымды ойлоп, койдун үч эле пайызын саттырып жиберип, пайдалансам, эмне деген акча болмок? Бишкек шаарынын далайын сатып алмакмын. Анткен жокмун. Эл-журт эмне дейт? Уят деген бир уруу журт бар деп, ошондон ийменчүмүн. Бир коюна да тийбедим. Бир сотых жерин да өзүмө чегерип чийдирип алган эмесмин. Уятым, ар-намысым ага жол берген жок. Таза абийирим түздөнүүмө, туура, так иш алып баруума түрткү берген.
Учурда мен эл катары эле кабаттуу үйлөрдүн батиринде жашайм. Бишкектен жер алып, там салган да эмесмин. Жаркыраган Жип же Лексус эмес, тоодо жүрүүгө ыңгайлуу жөнөкөй гана Нива автоунаасын айдап жүрөм. Бир да баламдын бизнеси жок. Алар өз жөндөмү менен билим алып, окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган. Кыскасы адамдын саламаттыгы, жасаган иш-аракети, ички ой-туюму таза болууга тийиш. Ансыз көңүлү жакшылыкка багытталып, адамдык бийиктиги ачылбайт.
— Жетекчиликтен кеткениңизде тескери карагандар көп болгонбу?
— Кичи пейилдик менен жайдары учурашып, ал-абалымды сурап өткөндөр да бар. Салам алгысы келбей, алыстан башын буруп кеткени да кездешет. Оюма албайм. “Аа, бечара! Деңгээли ушул болсо, кантсин…” дейм. Деги мен башынан эле карапайым адамдар менен жакын болууну жактырам. Алар жолдошчулукка бекем келишет. Орто жолдон сатып санаага батырбайт. Аларга бийлик-байлыгыңдын тыйынчалык кереги да жок.
Учурда да адамгерчиликти туу туткан жөнөкөй мүнөздөгү карапайым досторум менен катышам. Үйлөрүнө барам. Таңдайды такылдаткан даамдуу максымынан ичип, баглан козусунун тамшандырган этинен жеп, чер жазыша баарлашам. Талаада чөп чаап, иштеп жатса, билекти түрүнүп алып жардам берүүнү да жактырам. Дароо эле алардын короо-жайы менен аралашам. Себеби ал жерлер мен үчүн жөнөкөй жана жагымдуу. Андай жерде ак дил, адал эмгек орун алган. Байлыгы ашынган бирөө менен сырдаш болуп, андан белекке Жип алгыча, карапайым адам менен чын дилден баарлашып, анын адал тамак-ашын ичкен артык. Байкашымча, калктан алыстап, өзүнчө керкейген адам креслодон четтетилери менен жалгыз калат. Мындан өткөн бактысыздык болбосо керек…
— Пендечилик менен көңүл оорутуулар болгондо кантип алаксыйсыз?
— Жемимди жедирбейм. Катылгандын катыгын берем. Менде жалтанбаган курчтук анан майтарылбаган көтөрүмдүүлүк бар. Дарегиме карата пендечилик сөздөр айтылса, алгач таразалайм. Мага таш ыргыткан оппонентим күчтүүбү же алсызбы? Ал менин каршы “ударыма” туруштук береби? Эгерде каршылашымдын жүүнү тирүү экенин байкасам, ал купулума толсо, анда аны аяп да койбойм. Тескерисинче, бечара жан мага карата кызыл тилин агытса, аны менен тирешким да келбейт. Жараткан аларга эчак эле өз жазасын берип койгон. Башкысы, майда-барат пендечилик көрүнүштөрдөн жогору болууга күч жумшайм.
— Принципиалдуу адамдар кызматта көп олтурбайт. Андай кадрларга туш-тараптан соккулар болуп турат дешет… Буга кошуласызбы?
— Союз убагында кадрдык системада тартип бар эле. Ага карабастан өзүнө тың, позициясы туруктуу адамдардын үстүнөн байма-бай текшерип турушкан. “Жалтанбаган кашкөйлүгү бар экен. Бизге кол сала электе белин сындырып коёлу…” деп туш-туштан акмалап калышчу. Мындай сыноого да кабылгам. Партиянын учурунда мени көп текшеришти. Тилектери ишке ашкан жок. Себеби, ишимден кынтык таба алышмак эмес.
“Алда кокуй аа-аай! Ушул жерден сөзгө калып, жер карап калбадымбы!” деген өкүт менде болбоду. Тескерисинче “мен, мен!” деген чоңдордун мүчүлүш жактарын ишенимдүү аргументтер менен сындап турар элем.
— Кол алдыңыздагы кадрларга кандай өрнөк көрсөтө алдыңыз?
— Көрүп жүрөм, көпчүлүгү эптеген, көз карашы жок, агым менен кошо аккан, айткан тилден чыкпаган, колго суу куйганды артык көргөн бир бечараны орун басар кылып коёт. Күчтүүлөрдөн чочулашат. Эптеген данеги жок кадр алыска чуркай албайт. Анан жетекчиликти уятка калтырат. Эң эле маанилүүсү, мен орун басарларымды абдан күчтүү кадрлардан дайындагам. Алардын баары кызматынан жаманатты болгон жок. Артыңдан сөз айтпаган, татаал күндөрдө жолго калтырбаган, иштин көзүн да, адамгерчиликтин бийик үлгүсүн да түшүнө билген кадрларды айланама көбүрөөк топтогом.
Туура, чоң кызматта турган адам каалаганын жасап коёт. Бирок татыктуу кадрлардын тагдырын оңой эле чечип коюу мүмкүн эмес. Бул маселеде мен адилет болгонумду сыймык менен айта алам.
— Жылкы таптаган саяпкерлик өнөрүңүздү да угуп калабыз…
— Айыл жеринде чоңойдум. Атка кызыгуу артпаган айылдык боз уландар жоктур. Баарынан да жылкы баласын кыргыздардын тагдырындагы маңдайына бүткөн ырысы катары баалайм. Атам жетекчи кызматтарда жүрдү. Ал киши мыкты аттарды тандап минчү. Атамдын жумуштан келери менен “Кемел, атты жайгар!” деген буйругун угаар замат жоокерлерче так секирип жүгүрүп, жарыктык жаныбардын жанына жетчүмүн. Атты таптап, сылап-сыйпап караганды жактырчумун. Ээр-токумун аярлай алып, куюшканды ээрдин кашына мингизип, эки үзөңгүсүн кайчылаштырып, каптырганы, тердик менен ичмекти орду-орду менен иреттеп, ар бир ат жабдыкты зымырайтып карачумун. Айдын батаар маалында эшикке чыксам кайран жаныбар бул учурда окуранып, мамыны чапчып турган болот. Деги жылкыдан эстүү жаныбар жок. Аа, эми сууп калган экен деп аттын чөбүн салам. Эртең менен кырып, кыкка оонатып, сугарып, токуп, анан атамды ишине узатчумун. Кийин кызматта жүргөндө да короомо келишкен бир аргымакты кармап койчумун. Тулпар – эр жигиттин короосундагы көрк.
— Келишкен жорго турса, автоунааны карап да койбосоңуз керек?
— Ананчы. Көбүнчө ат минип жүрчүмүн. Панфилов районуна аким болуп барганымда ал жердеги жетекчилердин көпчүлүгү орустар экен. Алардын баарына ат мингиздим. “Бүгүн глава ат менен чыгат бекен?” деп күн сайын жардамчымдан сурашчу. Мен өчөшкөнсүп кериле баскан жоргону минип чыгам. Тиги байкуштар шөлпөңдөгөн аттарды минип алып керээли-кечке мени менен талаа кыдырышат. Куурагырлардын жоорубаган жери калбайт. Дагы ат минип келбесе экен деп кадимкидей заарканышат. Айыл жеринде башкарма эмне үчүн ат минбеш керек деп ага карачу эмесмин.
— Учурда асыл тукум жылкылардан кармайсызбы?
— Ашыралиевде бери дегенде эки жүз, үч жүз жылкы болсо керек деп ойлошот. Ачыгы, ондон ашуун жылкым бар. Бул асыл тукумдар көп туубайт. Анан калса кулундары мажирөө келет. Аны бапестеп багуу керек. Жайлоого чыгарсаң, так ошол чоң жорго, күлүк болчу мыкты кулунду карышкыр жеп коёт. Ушундан улам жылкы баласы оңой менен арбыбайт. Мен башынан эле кымбат баалуу автоунаага же баа жетпеген учакка кызыкпайм. Аны карап да койбойм. Мен үчүн аргымактан өткөн баалуулук жок.
— Кемел агай, кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат! Бар болуңуз!
Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА

