2025-жылдын 30-июнунан тарта Россияга визасыз негизде кирген чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы талаптар күчүнө кирди. Эми алардын бардыгы, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да, өлкөгө кирүүдөн 72 саат мурун «RuID» мобилдик тиркемеси аркылуу алдын ала электрондук арыз берүүгө милдеттүү.
Шашылыш учурларда — оор илдет, жакын туугандын каза болушу же шашылыш медициналык жардам керек болгон учурда — арызды 4 саат мурун берүүгө уруксат берилет.
Бул талап төмөнкү категорияларга тиешелүү эмес: Беларусь жарандарына, дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерине, ошондой эле 6 жашка толо элек балдарга жана жарандыгы жок адамдарга.

