"Эркин-Тоо"
Айыл чарба

Жаңы буудай сортунун түшүмү жыйналууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Отуз-Адыр” айылында быйыл (2025-жылы) жаңы “Баграт” сортундагы буудайдан түшүм алынууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Былтыр сентябрда аталган буудай сортунун 1 гектарга 220 килограмм үрөнү себилип, жалпысынан 22 гектарга айдалган.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти тарабынан талаа күнү өткөрүлүп, буудайдын жаңы сортун дыйкандар арасында жайылтуу максатында агротехнологиялар көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Кара-Суу районунда айыл чарба багытындагы 45 миң 78 гектар жер бар. Анын 17 миң гектарына кылкандуу дан эгиндери себилген.