Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жалпы 62 гектарды түзгөн кымбат баалуу айыл чарба жерлери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында М.Горький жана Ф.Достоевский көчөлөрүнүн кесилишиндеги 4,7 гектар, ошондой эле Кара-Жыгач айылындагы 57,3 гектар жер тилкеси мамлекетке өткөрүлдү.
Учурда УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген айыл чарба багытындагы жерлерди жана социалдык объектилерди мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.