"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Калаанын районунда таза суу өчүрүлөт

2025-жылдын 2-июлунда саат 10:00дөн 19:00гө чейин Бишкектеги 12-кичи райондо ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өчүрүү “Дастан Сити” турак жай комплексинин аймагындагы казылган чуңкурдан суунун агышын аныктоого байланыштуу жүргүзүлөт. Суу берүү аталган райондо жайгашкан турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилерде токтотулат.