"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна токтолду

Кыргызстандын аймагындагы жалпы узундугу 304 чакырымды түзгөн Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун бардык тилкелеринде толук масштабдуу курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, темир жолдун курулушу техникалык жактан татаалдыгы менен айырмаланат. Анын 40 %ы туннель жана көпүрөлөр аркылуу өтөт. Жалпысынан 27 туннель жана 41 көпүрө курулат. Курулуш 4,7 млрд долларды түзөт. Долбоордун 2030-жылга чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

«Бул долбоор инфраструктуралык гана мааниге ээ эмес, жашоонун жаңы сапатына, экономикалык өсүшкө, аймактар менен элдердин байланышын бекемдөөгө багытталган жол. Ошол себептүү, курулуш иштеринин жүрүшүндө маселелер жаралбашы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жеринде ыкчам чечимдерди кабыл алышат жана Президенттин Администрациясына киргизип турууну тапшырам», — деди Бакыт Төрөбаев.

Эске салсак, 2024-жылдын 27-декабрында долбоор расмий түрдө башталган. Президент Садыр Жапаров, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев долбоордун старт берилишине байланыштуу кайрылуу жасап, анын маанилүүлүгүнө токтолушкан.