Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) чет өлкөлүк студенттердин билим алуусуна байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталды. УКМКнын жүргүзгөн иликтөөсүнө ылайык, расмий кабыл алынган бир катар чет өлкөлүк студенттер өлкөдө жок болуп, окуу процессине катышпаганы белгилүү болду.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгү («Кызматтык жасалмачылык») боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар тастыкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы 59 чет өлкөлүк студент окуудан чыгарылды. Алардын ичинде:
-
Өзбекстандан — 30;
-
Казакстандан — 20;
-
Россия Федерациясынан — 9 студент бар.

