"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кылмыш

Борбор Азия аркылуу Европага героин ташыган топ кармалды

УКМКнын маалыматына ылайык, атайын операциянын жүрүшүндө Борбор Азия аркылуу Европага баңги каражаттарын ташыган эл аралык уюшкан топтун ишине бөгөт коюлду.

УКМК Бишкектен 174 кг 800 грамм героин табылгандыгын айтып:

«Табылган героиндин Кыргызстандагы дүң баасы 130 миллион сомго, Европадагы баасы 600 миллион сомго чейин жетиши мүмкүн. Натыйжада эл аралык баңги каналынын уюштуруучулары жана аткаруучулары кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда», – деп билдирди.