"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ош шаарынын мэрине Президенттин атынан унаа белекке берилет

Үстүбүздөгү жылдын 8-июль күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМКныг төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев шаардык төрөт үйүнүн айланасын оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Аталган обьектти жеринен көрсөтүп жатып, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев төрөт үйүнүн айланасы толугу менен жаңыланганын билдирди. Анын айтымында, аталган жайга ата-эне-бала эстелиги орнотулуп, жолдор асфальтталган, тротуарлар салынып, тепкичтер менен курулуштар мрамор таштар менен кооздолгон.

Генерал-полковник Камчыбек Ташиев мэрдин жасап жаткан ишин жогору баалап, Президенттин атынан ага унаа белекке бериле турганын айтты.