"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргыз балбандары 18 медалга ээ болду

5–7-июль күндөрү Бишкек шаарында 15 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча U-15 Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын балбандары жалпысынан 18 медаль (2 алтын, 5 күмүш жана 11 коло) жеңип алды.

Чемпионатта өспүрүм балдар жана кыздар арасында грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 30 медаль топтому ойнотулду. Кыргызстандын курама командалары үч багытта тең ийгилик көрсөтүштү.

Грек-рим күрөшү боюнча курама 7 медалга ээ болду:

  • 1 алтын: Хасан Гасанов

  • 2 күмүш: Нурислам Шаимкулов, Байэль Асылбеков

  • 4 коло: Юсуф Баялиев, Нурэль Өзгөнов, Бакай Рустамов, Нурдин Анаркулов

Эркин күрөштө кыргыз спортчулары 5 медаль утту:

  • 1 алтын: Марсель Ооганов

  • 2 күмүш: Умар Баатырбеков, Адилет Муканбетов

  • 2 коло: Билал Долоталиев, Абриэль Аманов

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 6 медаль алышты:

  • 1 күмүш: Калича Кылычбекова

  • 5 коло: Арууке Нурбекова, Жасмина Арзыбаева, Аяна Ниязбекова, Аяна Асылбекова, Алина Жаркынбаева