Бүгүн, 9-июлда, Бишкек шаарында 20 жашка чейинки спортчулар арасында (U-20) күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды.
Кыргызстандын атынан килемге 5 балбан чыгат. Беттештер саат 10:30да башталса, финалдык таймаштар 18:00дө өтөт.
Жеңиш үчүн күч сынашып жаткан кыргыз балбандары жана алардын атаандаштары:
-
55 кг: Кутман Кулбаев — Масатора Хонда (Япония) (¼ финал)
-
63 кг: Эмирлан Дүйшөналиев — Сардор Холмурзаев (Өзбекстан) (⅛ финал)
-
77 кг: Адилет Абыкеев — атаандашы кийинчерээк аныкталат (¼ финал)
-
87 кг: Асылбек Ниязбек уулу — Хамидреза Мортеза Кешткар (Иран) (⅛ финал)
-
130 кг: Таласбек Бообеков — Аболфазл Голамхоссейн Фатхитазанги (Иран) (¼ финал)

