"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Садыр Жапаров Рустами Эмомали менен жолугушту

Бүгүн, 9-июлда, Президент Садыр Жапаров Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Тажикстандын Жогорку жыйынынын жогорку палатасынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Рустами Эмомали менен жолугушту.

Жолугушуудан мурун мамлекет башчысына парламенттин жаңы имараты көрсөтүлүп, Президент Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Сүйлөшүү маалында тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты, өзгөчө парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Рустами Эмомали Садыр Жапаровдун бул сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы маанилүү окуя болуп, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык кызматташтык үчүн жаңы горизонтторду ачарын баса белгиледи.

Ал ошондой эле Тажикстан парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө жана достук топторунун ортосундагы байланышты чыңдоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Президент кыргыз-тажик кызматташтыгын ар тараптуу кеңейтүү жана мазмундуу толуктоо боюнча координацияланган иштерде парламенттердин ролу абдан маанилүү экенин баса көрсөттү.

«Кыргыз тарап эки мамлекеттин тынчтыкта, коопсуздукта жана туруктуулукта өнүгүшүнө багытталган шарттарды тажик тарап менен биргеликте түзүүгө толук чечкиндүүлүктү карманат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар эки элдин бакубат жашоосу үчүн парламенттер аралык гана эмес, мамлекеттер аралык өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жакшы негиз болоруна ишенимин билдирди.