МинКабдын Төрагасынын орун басары — УКМКнын Төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге атайын унаа тапшырды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Унаа белек Президент Садыр Жапаровдун атынан берилди. Камчыбек Ташиевдин айтымында, мэр Жеңишбек Токторбаевдин шаардын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана жигердүү иши башка мамлекеттик жетекчилер үчүн үлгү катары бааланууда.
«Президентке мэрдин жасаган жумуштары жагып жатат. Бул белекти жеке өзүнө менчик катары берсин деп суранды. Сизге рахмат, ишиңизге ийгилик. Мындан ары да жакшы иштеңиз», — деген УКМК төрагасы.

