"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргызстандык спортчу Азия чемпиону болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Эмирлан Дүйшөналиев жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Эмирлан Дүйшөналиев 63 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, төрт беттеште тең жеңишке жетти.

Биринчи айлампада өзбекстандык балбанды 11:0 эсебинде жеңсе, чейрек финалда Тайбэй спортчусун 6:4 эсеби менен утту. Жарым финалда ирандык атаандашынан 7:1 эсебинде озуп чыгып, финалга жолдомо алды.

Чечүүчү беттеште индиялык балбан менен чыгып, 8:0 эсебинде жеңишке жетип, Азия чемпиону аталды.