Мамлекеттик ипотекалык компания маалымдагандай, Баткенде жалпысынан 4 272 батир курулуп жатат.
«Биздин топ «Асман Резиденс – 1» турак жай комплексинин жеринен барып маалымат алды. Бул долбоор толугу менен бүткөндө, 12 кабат 37 блоктон турган 2 364 батир пайдаланууга берилет.
Объекттин прорабы учурдагы курулуштун жүрүшү тууралуу маалымат берип, иштер бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын белгиледи», – деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү.
Спросить ChatGPT

