"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкек – Нарын – Торугарт жолуна кулаган таштар тазаланды

Кечээ, 9-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 245–264-чакырым аралыгында тоо боорунан таштар кулап, жол кыймылына тоскоолдук жаралган.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, кырдаалга ыкчам аракет көрүлүп, №955 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ишке бир даана погрузчик жана автогрейдер тартылып, жол толугу менен тазаланды.

Учурда унаа каттамы калыбына келтирилип, жол ачылды.