"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

15-июлда Бишкектин айрым жерлеринде суу токтотулат

Бишкек шаардык мэриясы Кировск суу кудугундагы авариялык абалды жоюуга байланыштуу 15-июлда кээ бир аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотуларын билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу болбойт:

  • Фрунзе көчөсү — Жибек жолу проспектиси — Абдрахманов көчөсү — Ибраимов көчөсү менен чектелген аймак;

  • Фрунзе көчөсү — Жумабек көчөсү — Сүйүмбаев көчөсү — Ибраимов көчөсү менен чектелген аймак.